Бишкекке кирип-чыга турган жердеги бардык санитардык-көзөмөл посттору алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечимди Жарандык коргонуу боюнча комиссия кабыл алып, буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду.
Бишкек шаарына карантин киргизилген учурда шаарга кире бериш жерлерде 12 санитардык-көзөмөл посту коюлган. Жерине инспекторлор, ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы, атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринен кызматкерлер тартылган.
24-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Кийин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылган.
Бул эреже 11-майдан тарта токтоп, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.