Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга медициналык жабдыктарды ташып келүү жеңил болуп калды

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 423 | 0

Өкмөт жеке жана юридикалык жактардын Кыргызстандын аймагына кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык каражаттарды, жабдууларды ташып келүүсү боюнча атайын алгоритм иштеп чыкты.

Аны Экономика министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы биргеликте иштеп чыккан.

Ага ылайык, ЕАЭБ аймагынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттарды, пульсоксиметрлер, кычкылтек концентраторлору, жеке коргоочу каражаттарды ташып келүүдө бажы алымы алынбайт жана кошумча нарк салыгы салынбайт.

Бул алгоритм өзгөчө кырдаалдар режими маалында гана күчүндө болот.

Copyright © 2017 Maral FM