Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 4 бейтап каза болуп, 503 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 446 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова кабарлады. Алар Ош облусу – 1 учур, Жалал-Абад облусу – 1,  Талас облусу – 1, Нарын облусу – 1.

Пандемия  башталгандан бери 1451 киши коронавирустан каза болду.

Өлкөдө бүгүн COVID-19 вирусунун жаңы 503 учуру катталды. Алар:

-Бишкек — 125;
Ош – 51;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу — 74;
Талас облусу – 35;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 81;
Жалал-Абад облусу – 53;
-Баткен облусу — 47.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 39 миң 162ге жетти.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 665 бейтап сакайды. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан жалпы 30 миң 764 бейтап айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM