Биз менен байланышыңыз

Covid-19: Орусияда бир суткада 116 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 508 | 0

6-августка карата Орусияда сутка ичинде коронавируска кабылган 116 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Көз жумгандардын көпчүлүгү Санкт-Петербург (16) менен Москвада (13) катталды.

Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны 14 606га жетти. Covid-19 пандемиясы башталгандан бери 871 894 адамдан вирус аныкталса, анын 676 357си сакайган. Дагы 245 379 бейтап медициналык көзөмөл астында дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM