Биз менен байланышыңыз

Трамп АКШ тарыхындагы эң чоң катаны атады

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Авг 2020 | 495 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп Axios порталына берген маегинде Жакынкы Чыгышка аскерлерди жиберүү өлкө тарыхындагы эң чоң ката экендигин айтты.

«Биз ИШИМди 100 пайыз жок кылдык … Биз Сулейманиге (ирандык генерал) жана Аль-Багдадиге (ИШИМ лидери) каршы чыктык. Мен көптөгөн президенттер жасай элек иштерди жасадым. Алар Жакынкы Чыгышка такыр барбашы керек эле»,  — деди Трамп өз билдирүүсүндө.

«Жакынкы Чыгышка аскерлерди жиберүү жана алардын иштерине кийлигишүү жөнүндө чечим өлкөбүздүн тарыхындагы эң чоң ката болду», —  деди Трамп.

Eurasia Daily маалымдагандай, 2001 жана 2018-жылдар аралыгында чет өлкөлөрдө болгон аскерий операцияларда 7000дей америкалык өлтүрүлүп, 52 миңден ашуун адам жаракат алган. Алардын 60 пайыздан көбү Иракта, 38 пайызы Ооганстанга туура келет.

Copyright © 2017 Maral FM