Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө көмүр менен иштеген электр станцияларынын саны кыскарды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Авг 2020 | 364 | 0

Тарыхта биринчи жолу акыркы он жылдыкта 2020-жылдын биринчи жарымында көмүрдөн электр энергиясын өндүрүү төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта «Глобалдык энергетикалык мониторинг»  экологиялык уюмунун отчетунда жарыяланды.

2020-жылдын алгачкы 6 айында жалпы көлөмү 18,3 гигаватт болгон көмүрлүү электр станциялары ишке киргизилген. Ошол эле мезгилде 21 гигаваттан ашык электр станциялары жабылган. Көмүрдөн электр энергиясын өндүрүүнүн дүйнөлүк төмөндөшү негизинен Европага байланыштуу болгон. Анда биринчи жарым жылдыкта 8,3 гигаваттка төмөндөсө, экинчи жарымында 6 гигаваттка төмөндөшү күтүлүүдө.

Ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азияда көмүр менен иштей турган жаңы электр станцияларынын иштөө процесси басаңдап жатат.

Ошол эле учурда Кытай көмүр электр станцияларын ишке киргизүүнү тездетип жатат. Экологдор аларды дүйнөдөгү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруунун 40 пайызына жооптуу деп эсептешет.

Германияда ушул жылдын июль айында электр кубатын өндүрүүдө лигнит жана катуу көмүрдү 2038-жылга чейин колдонууну токтотуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Жалпысынан көмүрдөн баш тартуудан экономикасы жапа чеккен региондорду колдоо үчүн 40 миллиард евро  бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM