Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 900 адам коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 561 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 900 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 412 бейтап айыккан, Ош шаарында – 50, Чүй облусу боюнча – 41,  Ош облусу – 54, Талас облусу – 6, Нарын облусу – 18, Ысык-Көл облусу – 233, Жалал-Абад облусу – 52, Баткенде — 34 бейтап коронавирустан айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны (пневмонияны эске алганда)  26 926ны түздү.

Акыркы бир суткада коронавирустун 494 жаңы учуру катталды. Вирусту жуктургандардын жалпы саны 36 миң 299га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM