Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча дүйнөдө жаңы рекорд катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 384 | 0

31-июлга карата дүйнөдө коронавирусту жаңы жуктурган адамдардын саны 292 миң 527 адамга көбөйүп, жалпы саны 17 млн 106 миң 7ге жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө коронавирус катталган жаңы учурлардын рекорддук саны катталгандыгын билдирди.

Акыркы жолу рекорд 13-июлда жаңыланган, тактап айтканда, бир суткада 230 миң адам коронавирус менен катталган.

Каза болгондордун саны дээрлик жети миңге көбөйүп, 669 миң адамга жакындады. Коронавирусту жуктурган учурлардын саны боюнча Америка лидер бойдон калууда. Кошмо Штатттарда вирус жуктургандардын жалпы саны — 8,1 миллион.

Ал эми Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 17,5 миллион адам илдетке чалдыгып, 678 миң 775 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM