Биз менен байланышыңыз

Алишер Усманов өзбекстандык медиктерге 10 млн доллар берди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 464 | 0

Орусиянын белгилүү ишкери жана меценат Алишер Усманов Өзбекстанга 10 млн доллар бөлүп берди. Бул каражатка мамлекеттик бюджеттен дагы 100 млрд сум кошулуп, тез жардам кызматынын кызматкерлерине сыйлык катары берилет.

Өлкөнүн өкмөтүнүн тиешелүү чечимине ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө катышкан тез жардам кызматынын кызматкерлерине кошумча акча төлөнөт.

• дарыгерлерге 500 доллар;

• орто медициналык кызматкерлерге 400 доллар;

• айдоочуларга 300 доллар.

Бул төлөмдөр ушул жылы 1-июнга чейин жумушка алынган кызматкерлерге гана берилет.

Буга чейин өзбек улутундагы орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавирус менен күрөшүүгө 20 миллион доллар бөлгөн. Ошондой эле Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы суу каптоодо жапа чеккендерге жана кырсыкты четтетүүгө 10 млн  доллар каражат берген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM