Биз менен байланышыңыз

Тайвандын экс-президенти Ли Денхуэй дүйнөдөн кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 466 | 0

Тайвандын экс-президенти Ли Дэнхуэй 98 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Ли Дэнхуэй 8-февралда үйүндө дем алуусу начарлай баштаганда ооруканага жаткырылган. Ага өпкө инфильтрациясы деген диагноз коюлган. Натыйжада, мурдагы президент өмүрүнүн аягына чейин дээрлик жарым жыл ооруканада жатты.

Тайвань жарым-жартылай таанылган мамлекет жана Кытайдын өзгөчө аймагы. Бул башка мамлекеттерге Кытайдын макулдугусуз Тайвань менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө тыюу салат.

Дэнхуэй 1923-жылы Тайванда төрөлгөн. Ал Тайвандын мурунку лидери Цзян Цзин каза тапкандан кийин 1988-жылдан 2000-жылдар аралыгында аралдын администрациясын жетектеген.

Денхуэйдин реформаларынын ордуна аралдагы элде түз президенттик шайлоо киргизилген. 1996-жылы Ли Денхуэй эл шайлаган биринчи президент болуп калды.

Ли Дэнхуэй президенттиги аяктагандан кийин, 2001-жылы жайында, жаңы партия түзгөн. Ал партия Тайвандын Кытайдан көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM