Биз менен байланышыңыз

Тайванда поезд рельстен чыгып кетип, 41 жүргүнчү каза болду (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1397 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Тайвандын борбору Тайпейден Тайтунг шаарына сапар алган поезд туннелден чыга бергенде рельстен тайып, 41 жүргүнчүнүн өмүрүн алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Каза тапкандардан тышкары 60тан ашуун адам жаракат алган. Маалыматтарга караганда, поездде 350 жүргүнчү болгон. Кырсыктын себеби катары туннелдин чыга беришине инженердик-техникалык унаанын туураланып туруп калышы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM