Биз менен байланышыңыз

ЖИА: Тайвань компаниялары ишкерлер менен кызматташат

Кыска кабар | 8 Ноя 2018 | 980 | 0

Тайвань мамлекети Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу “Жаш ишкерлер асссоциациясынын” маалымат кызматы билдирди.

7-ноябрда кыргыз-тайвань бизнес форуму болуп, Тайвандан атайын делегация келди. Анда Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

Тайвандан келген өкүлдөр кыргыз ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. TAITRA организациясынын өкүлү Чанг Суё-Ханг “ЖИА” бизнес ассоциациясы менен алдыдагы пландар, долбоорлор тууралуу пикирин айтты.

Ошондой эле В2В жолугушуусу өтүп, ага Кыргызстандын 50 ишкери жана Тайвандын 10 ири компаниясынын өкүлдөрү катышты. Алар тамак-аш өндүрүшү, финансылык консалтинг компания, айыл чарба өндүрүшү, банк, электр жабдыктары секторундагы компаниялар болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM