Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирустан дагы 17 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова кабарлады. Алар Бишкекте – 9, Чүй облусу – 2, Нарын облусу – 2, Жалал-Абад облусунда – 4 учур.
Коронавирус илдети ушуну менен 1364 адамдын өмүрүн алды.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустун 631 жаңы учуру катталды. Алар:
-Бишкек — 118;
—Ош – 89;
—Чүй облусу – 81;
—Ош облусу — 74;
—Талас облусу – 27;
—Нарын облусу – 13;
—Ысык-Көл облусу – 94;
—Жалал-Абад облусу – 85;
—Баткен облусу — 50 учур.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 35 миң 143кө жетти.
Бир сутка ичинде 1131 жаран коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен 24 миң 474 адам айыкты.