Биз менен байланышыңыз

Казак президенти Токаев кыргызстандыктарга көңүл айтты

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 369 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынан жакындарын жоготкон кыргыз элине жана президент Сооронбай Жээнбековго көңүл айтты.

«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми учурда бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын тезирээк сакайып кетүүлөрүн тилейм», — деп айтылат Токаевдин билдирүүсүндө.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай турганын айтты.

30-июлда Кыргызстанда коронавирустан улам каза болгондор эскерилүүдө.

Коңшу Казакстан 13-июль күнү коронавирустан улам каза болгондорду эскерип, аза күткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM