Биз менен байланышыңыз

Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 601 | 0

Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчылар ажылыкка катыша албайт. Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.

Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн барышчу. Быйыл он миң киши гана зыярат кыла алат, алардын үч миңи – падышалыктын жарандары, калган жети миңи – өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер.

Алардын баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун билдиришкен. Мекке шаарына башка аймактардан баргандардын дене табы текшерилип, жүктөрү дезинфекцияланууда.

Ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2700дөн көп адамдын өмүрүн алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM