Биз менен байланышыңыз

Орусиянын агротехникалык университети Кыргызстанга 30 гранттык орун бөлдү

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 356 | 0

Орусиянын агротехникалык университети Кыргызстан үчүн 30 гранттык орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусиянын Якутск шаарындагы агротехникалык университети кыргызстандык абитуриенттерди билим алууга чакырат.

Университет 2020-2021-окуу жылында Кыргызстан үчүн күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча 30 бюджеттик орун бөлдү. Ага кирүү сынактары 10-14-август күндөрү дистанттык түрдө Modle платформасы аркылуу өтөт.

Документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт:

  • Университеттин http://www.agatu.ru/ сайтындагы веб-тиркеме аркылуу – “Абитуриенттин жеке кабинети АГАТУ” (http://www.agatu.ru/postupi/).
  • Борбордук кабыл алуу комиссиясынын электрондук дареги аркылуу abiturient@agatu.ru.
  • Эл аралык жана региондор аралык бөлүмдүн электрондук дареги аркылуу arctic@agatu.ru.

Орусиянын түндүгүндө жайгашкан окуу жай айыл-чарбанын бардык багыты боюнча адистерди даярдайт. Окуу жайда 514 студентке ылайыкташкан жатакана, илимий лабораториялар, китепкана, спорт комплекси жана ипподрому бар.

Билим берүү жана илим министрлиги гранттык орундар боюнча кабыл алууну жүргүзбөйт. Бардык суроолор боюнча жогоруда көрсөтүлгөн электрондук даректерге кайрылып же окуу жайдын расмий сайты аркылуу маалымат алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM