Биз менен байланышыңыз

Президент: Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 682 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июлда — Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Президенттин айтымында, бүгүн — коронавирустан каза болгон мекендештерди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн.

«Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып,  жүрөгүмдү канатып кетти…Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жээнбеков жарандардын өмүрү, элдин ден-соолугу үчүн болгон күрөш бүтө электигин, бул жалпы улуттук күрөш экенин айтат. Ошондуктан биргелешкен аракет менен бул апаатты жеңүүгө чакырды.

30-июлду президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 1364 адам коронавирус илдетинен көз жумду. Бул вирусту жуктургандардын жалпы саны 35 миңден ашты. Илдеттен сакайгандар 23 миң 474кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM