Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 931 | 0

Бүгүн Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү. Бул күнү мамлекеттик деңгээлде коронавирус илдетинен каза болгондор эскерилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус илдетинен 1364 бейтап бул дүйнө менен кош айтышты. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, белгилүү коомдук жана саясий, маданий ишмерлер, ыктыярчылар жана башкалар бар.

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган.

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар аткарылып, анын ичинде бүткүл аймактарда, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялар аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотот.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 35 миңден ашты. Илдеттен сакайгандар 24 миң 474 кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM