Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус дарыгерлери коронавирусту дарылоонун жаңы протоколун иштеп чыгат

Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 669 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги орусиялык дарыгерлер менен биргеликте коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун төртүнчү версиясын иштеп чыгууда. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Учурда өлкөдө кыргызстандык адистер иштеп чыккан дарылоо протоколунун үчүнчү версиясы колдонулуп жатат.

«Биздин медицина кызматкерлердин Орусиядан келген медицина кызматкерлери менен болгон жолугушууларынан кийин, Саламаттык сактоо министрлиги дарылоо протоколунун төртүнчү версиясын россиялык дарыгерлер менен биргеликте иштеп чыгуу чечимине келди. Жакынкы күндөрү ал даяр болот», — деди Исмаилова.

Кыргызстанда 2 миң 711 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык персоналды колдоо жана реабилитациялоо боюнча алгоритм иштеп чыгууда.

Бүгүнкү күндө тобокел аймакта, стационар жана тез жардам кызматынын фельдшерлерине төлөнүүчү төлөмдүн көлөмү жогорулаган.

«Мурда эпидемиянын очогунда иштеген дарыгерлерге төлөнгөн акчанын суммасы 47 миң сом болсо, азыр ал сумма 72 миң сомго чейин көбөйдү. Мындан тышкары, бул топко патологоанатом да кирип, алардын бир айлык ишине төлөгөн акысы болжол менен 78 миң сомду түзөт», — деди вице-премьер министр.

Исмаилова медицина кызматкерлеринин кепилденген маянасы толук көлөмдө төлөнүп жатканына ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM