Биз менен байланышыңыз

Талас: 320 орундуу жаңы оорукана курулат

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 788 | 0

Талас облусундагы Көк-Ой айылында 320 орундуу жаңы оорукана курулат. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна болгон иш сапарында Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын курууга каражат бөлүп берген.

160 орундуу борбор Советтер союзу тарагандан бери кароосуз калган. Өлкө башчы аталган үй-бүлөлүк медицина борбору менен таанышып, акча каражатын бөлүп берди. Ишемби күндөн баштап ал жерде иш башталды. Аны 25-августка чейин 320 орундуу борбор кылып бүтүрүү пландалууда”, — деди облус жетекчи.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 23-июлда Талас облусуна иш сапары менен барган.

Copyright © 2017 Maral FM