Биз менен байланышыңыз

АКШнын Кытайдын Чэнду шаарындагы Башкы консулдугу жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 376 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын Кытайдын Сычуань провинциясынын Чэнду шаарындагы Башкы консулдугу кытай тараптын талабына ылайык, расмий түрдө жабылды. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Башкы консулдукту жабуу үчүн Кытай бийлиги тарабынан берилген мөөнөт бүгүн, дүйшөмбү күнү саат 10.00дө аяктады.

Буга чейин дипломатиялык миссиянын имаратынын үстүнө Американын желеги түшүрүлгөндүгү кабарланган.

АКШнын Чэндудагы Башкы консулдугу 1985-жылдан бери иштейт жана өлкөнүн түштүк-батышына, анын ичинде Сычуань, Юньнань, Гуйчжоу провинциялары, Тибет Автономиялуу району жана борбордук Чунцин шаарына жооптуу.

21-июлда АКШ Кытайдан Хьюстондогу Башкы консулдукту жабууну талап кылды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди саясий провокация деп атап, ага карата тиешелүү жооп боло тургандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM