Биз менен байланышыңыз

Казакстанда сутка ичинде 1687 адамдан коронавирус чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 442 | 0

24-июлга карата акыркы суткада Казакстанда 1687 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Вирусту жуктуруп алгандардын ичинен 776 адамда оорунун клиникалык белгилери жок өтүүдө.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 78 миң 486 адамга жетти. Алардын ичинен 610 бейтап каза болду.

Коңшу өлкөдө сутка ичинде 1268 адам COVID-19дан айыкты. Муну менен өлкөдө айыккандардын жалпы саны 49 миң 488 адамды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM