Биз менен байланышыңыз

Казакстанда көлдүн кызгылт тузу коронавирустун дарысы катары сатылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июл 2020 | 759 | 0

Казакстандагы Кобейтуз көлүнөн алынган тузду интернет аркылуу сатып башташты. Сатуучулардын айтымында, туз коронавирусту дарылоодо жардам берет. Ал эми өлкөнүн Экология министрлиги бул боюнча текшерүү ишин баштаганын «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, туздун бир килограммы 5000 тенгеге (болжол менен 935 сомго) бааланууда.

— Көптөгөн ооруларды дарылайт, коронавирус жана ич өткөктө жардам берет. Тамакты чайкап, тамак-ашка кошуп, жуунса болот, — деп айтылат маалыматта.

Экология министрлигинин маалыматы боюнча, учурда тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Экологдор суудан үлгү алышты.

Акмола облусундагы кызгылт түстөгү Кобейтуз көлү жашоочулар арасында коронавирус жуктургандар көп болгондуктан жабылган. Чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

Copyright © 2017 Maral FM