Биз менен байланышыңыз

БШК шайлоого кетчү чыгымды 447 млн сомго түшүрдү

Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 1221 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө кетчү чыгымдарды 446 млн 900 миң сом деп бекитти. Мекеменин маалымат кызматы кабарлгандай, 2020-жылдын бюджетинде жалпы шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом өлчөмүндө пландалган чыгымдар каралган.

БШК оптимизациялоонун алкагында ал сумманы азайтты.

Бул каражатка 2462 шайлоо участкасы түзүлөт, анын 42си чет өлкөдө ачылат. Ар бир шайлоо комиссиясында 10-12ден адам иштеп, жалпысынан 30 миң 833 кызматкер тартылат. Аларга эмгек акы төлөө каралган.

Мындан сырткары, добуш берүү башталганда күнү-түнү иштөөгө туура келгендиктен, Аймактык шайлоо комиссиясынын жана шайлоо участкаларынын мүчөлөрүнө, операторлорго (1846), ИИМдин кызматкерлерине (4680) тамак-ашка деп 500 сомдон берилет. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу үчүн 60 миллион сом сарпталат.

БШКнын маалыматында, алдын-ала тизме боюнча өлкөдө 3 млн 429 миң 43 шайлоочу катталган. Бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 миң 746 адамга көп.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM