Биз менен байланышыңыз

БШК: Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары бекитилди

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 649 | 0

15-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, 2020-жылдын 4-октябрында боло турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого өлкөдөн тышкары аймактарда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн шайлоо участокторун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Кыргызстандан башка жакта жашап же иштеп жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча 42 шайлоо участогу бекитилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында ачылып, аларда шайлоо участоктору иштейт.

Мындан тышкары, дагы эки шайлоо участогун Рим жана Париж шаарларында ачуу аккредитация болгон мамлекеттердин макулдашуусунда турат.

Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо учактоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде, Москва шаарында эки шайлоо участогу ачылат.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамына ошол жактагы кыргызстандык жарандар, коомдук уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү, консулдук жана дипломатиялык мекемелердин кызматкерлери мүчө боло алышат.

Copyright © 2017 Maral FM