Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 1453 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү токтомго ылайык, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына, жекшембиге дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү КР мыйзамдарына ылайык уюштурат.

Өкмөт:

— шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

— шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтөт.

Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет

Copyright © 2017 Maral FM