Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда базарлар жабылып, беткап тагуу милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 615 | 0

Түкрмөнстанда, жугуштуу ооруулардын жайылуусунун алдын-алуу максатында, «беткап тагуу» режими киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме жасап жергиликтүү булактар жазды.

Мындан ары коомдук жайларда коргоочу беткаптарды тагуу милдетүү болуп саналат.

Ошондой эле, унаанын түрүнө (жеке, коомдук), жүргүнчүлөрдүн санына карабастан, бардык транспорттун айдоочуларына беткап тагып жүрүү милдеттендирилди. Базарлар жана ири соода борборлору жабылууда. Бийлик жашы өткөндөрдү сыртка чыкпоого чакырууда.

Андан сырткары, 15-июлдан тарта Ашхабад менен башка региондордогу байланышты азайтуу максатында айрым автобустук каттамдар токтотулду.

Жергиликтүү булактар кабарлагандай, эл колдон келишинче кошумча азык-түлүк камсыздап алууга аракет кылып жатат. Алар вируска караганда, ачка калуудан көбүрөөк коркуп жатканын айтат кабарчы.

Расмий маалыматтарга ылайык, Түркмөнстанда COVID-19 катталган эмес. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тапшырмасы менен өлкөдөгү абалды изилдеп жаткан Катрин Смолвуд вирустан сактануу аракеттерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Түркмөнстан Евразия боюнча коронавирустук инфекция катталбаган жалгыз өлкө болуп саналат, ошондуктан өлкөдө башталган коргонуу чараларын күчөтүу зарыл,— дейт Смолвуд.

Copyright © 2017 Maral FM