Биз менен байланышыңыз

Москвада өткөн нааразычылык акциясында 150дөй адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 534 | 0

Шаршемби күнү, 15-июлда Орусиянын Москва менен Санкт-Петербург шаарларында Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөргө каршы массалык нааразычылык акциялары болуп өттү.

«ОВД-Инфо» порталынын маалыматы боюнча, «Путинге түбөлүктүүлүк жок» акциясынын жүрүшүндө кеминде 147 адам кармалган. Алардын катарында «Ачык Орусиянын» аткаруучу директору Андрей Пивоваров, Москва мамлекеттик университетинин улук илимий кызматкери Сергей Федоров, саясат таануучу Борис Кагарлицкий, муниципалдык депутат Юлия Галямина жана анын кызы, ошондой эле Коомдук байкоо комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович бар.

Акциянын катышуучуларын кармоо демонстранттар Страстной бульвары менен «сейилдөөгө кеткенден» кийин башталган. Полиция демонстранттарды кармап, андан соң полиция бөлүмдөрунөн бир нече сааттан кийин бошотула башташкан.

Москвадагы нааразычылык акциясын  «Жок» кыймылы уюштурган. Катышуучулар Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жакында болуп өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразычылыктарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM