Биз менен байланышыңыз

Коронавирус пандемиясы: 15-июлга карата дүйнөлүк кырдаал

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 549 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 12,96 миллиондон ашып, 570,2 миңден ашуун адам көз жумды. Ал эми Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматына ылайык, дүйнөдө 13 млн 29 миңден ашык адам илдетке чалдыгып, алардын ичинен 577,9 миңден ашыгы көз жумган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, тастыкталган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп саналат, анда 3 млн 43 миңден ашык адам вирус жуктургандыгы аныкталган. Экинчи орунда Бразилия (1,92 миллион), үчүнчү орунда Индия (906,7 миң), төртүнчү орунда Орусия, бешинчиде Перу (333,8 миң) турат.

Бүткүл дүйнө жүзүндө коронавирус менен күрөшүүдө катачылыктар жасалгандыгын микробиолог, Эмит жана Берн университетинин Иммунология институтунун мурдагы директору профессор Беда Стадлер айтты. Анын ою боюнча, вирустун эч кандай белгилери жок алып жүрүүчүлөрү жок жана коронавируска каршы иммунитет буга окшош ооруларды  мурда жуктурган адамдарда да пайда болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM