Биз менен байланышыңыз

Европадагы кыргыздар каражат чогулта баштады, сизди да кайрымдуулукка чыкырат

Кыска кабар | 16 Июл 2020 | 521 | 0

Европада жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган Кыргызстандын жарандары Telegram аркылуу демилгечи топ түзүп, мекендештерге жардам берүү максатында каражат топтоп башташты. Эки күндө 2 миң евродон ашык каражат чогултулду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Адилет Каныметов кабарлады.

Маалыматка караганда, демилгечи топтун мүчөлөрү Кыргызстандагы абалдын бир калыпка түшүүсү жана оорунун жайылуусун алдын алуу үчүн салым кошуу максатында бир жумада 7 миң евро чогултууну көздөп жатат. Мунун менен эле чектелбейт, каражат чогултуу улантыла берет.

Чогултулган каражатка кычкелтек концентраторлор, дарыгер жана ыктыярчылар үчүн коргоочу каражаттар алынат.

«Биз бул жардамдын ондогон өмүрлөрдү жана биздин ак халатчан каармандарды сактап калышына ишенебиз. Сиз жөнөткөн бардык каражат онлайн таблицага киргизилип, демилгечи топтун көзөмөлүндө болот жана сатылып алынган ар бир каражат чогуу макулдашылып, көзөмөлдөнөт. Келиңиздер, бул ишти бирге жасайлы, анткени, күч — бирдикте!» — деп айтылат билдирүүдө.

Уюштуруучулар кайрымдуулук акциясына катышууга чакырат. Каражат которуу үчүн реквизиттер:

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM