Биз менен байланышыңыз

АКШда жашаган кыргызстандыктар 24 кычкылтек концентраторун жөнөтүштү

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 268 | 0

АКШда жашаган кыргызстандыктар кычкылтек концентраторуна акча чогултуп, 24 кычкылтек аппаратын өлкөгө жөнөтүштү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-июль күнү Бишкек шаарындагы Спорттук реабилитациялоо борборуна кычкылтек аппараттары жеткирилди. Кычкылтек аппараттары Филадельфиядагы (АКШ) «Kyrgyz Yntymak Fоund» кыргыз диаспорасы чогулткан каражаттарга сатылып алынган. Жалпысынан болжол менен 25 миң доллар чогултулуп, 24 кычкылтек аппараты алынган. 12 аппарат Балыкчы шаарына жөнөтүлдү, 2 аппарат Талас облусуна жөнөтүлдү жана 10 аппарат Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM