Биз менен байланышыңыз

Ош JIA коронавирус боюнча акысыз онлайн кеңеш берүү борборун ачты

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 733 | 0

Ош JIA мүчөлөрүнүн демилгеси менен COVID-19 боюнча жарандарга акысыз онлайн кеңеш берүү борбору ачылды. Бул тууралуу аталаган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оорунун кайсы бир белгилери байкалып, кайсы жакка кайрыларын билбей жаткан жарандар кеңеш ала алышат.

Такталбаган маалыматтардан качып кесипкөй, тажрыйбалуу дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылануу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыз болот:

  • 0552 118 119;
  • 0502 118 119;
  • 0772 118 119.

Иштөө убактысы эрте мененки саат тогуздан кечки саат сегизге чейин.

Copyright © 2017 Maral FM