Биз менен байланышыңыз

Ошко Новосибирскден 173 кыргызстандык кайтып келди

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 350 | 0

Бүгүн Кыргызстанга Новосибирск – Ош аба каттамы 173 кыргызстандык кайтып келди. Жарандардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер минисрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын мекенине кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM