Биз менен байланышыңыз

Пневмония менен ооругандар үчүн Бишкектеги ооруканаларда 176 бош орун бар

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 941 | 0

Ооруканадан сырткары пневмония жуктуруп алгандар үчүн Бишкектеги ооруканаларда 176 бош орун бар. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар 118 кызматына кайрылып, маалымат ала алышат. Учурда мурунку Ганси авиабазасында, Улуттук госпиталда жана №1 шаардык клиникалык ооруканада бош орундар бар.

Айнура Акматова ошондой эле бейтаптарды өз алдынча дарыланбоого чакырып, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалып жатса, үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылууну өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM