Биз менен байланышыңыз

Пхеньян: АКШ менен сүйлөшүүлөр болбойт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 333 | 0

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй тургандыгын билдирди.

Түндүк Корея Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү жүргүзүү ниетинде эмес. Мындай билдирүүнү АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Квон Чон Гин жасады. Анын сөзүнөн алынган үзүндүлөрдү Кореянын борбордук телеграф агенттиги жарыялады.

Буга чейин Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Цой Сон Си АКШ менен саммит өткөрүү тууралуу кабарлардан улам Пхеньян АКШ менен сүйлөшүүлөргө муктаж эместигин айткан.

-Айрымдар Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын билдирүүсүн «АКШны иш-аракет кылууга үндөйт» же кандайдыр бир жеңилдиктерди талап кылып жатышат деп белгилешүүдө, — деди Квон Чон Гин өз билдирүүсүндө.

-Дагы бир жолу белгилейбиз, биз Кошмо Штаттар менен бир жерде отуруу ниетибиз жок.

Ошондой эле, ал Түштүк Кореянын күчтөрүнө каршы билдирүү жасады.

-КНДР менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ар дайым ортомчулук аракеттери өзгөрбөйт деген катуу үндөр чыгып турат, чындыгында, бул кореялык мамилелерди бузуп, алардын абалын начарлатат, — деди Квон Чон Гин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM