Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Пхеньянга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 628 | 0

Кытай Эл Республикасынын лидери Си Цзиньпин бүгүн, 20-июнда Пхеньян аэропортуна келип конду. Бул тууралуу Кытайдын CCTV телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мамлекеттик сапар болгондуктан, өлкө башчысын бир топ министрлер коштоп келди.

Буга чейин Синьхуа агенттиги Кытай төрагасы атайын каттам менен Пекинден чыгып, Пхеньянга сапар тартканын кабарлаган. Ошондой эле, Си Цзиньпинди башкаруу делегациясынан чоң топ коштоп келе жатканын жазган. Алардын катарында – Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин тышкы иштер башкармалыгынын башчысы Ян Цзечи, Тышкы иштер министри Ван И, мамлекеттик комитеттин өнүктүрүү жана реформа иштери боюнча башчысы Хэ Лифэн бар.

Пекинде өткөн жолугушууда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Си Цзиньпинди расмий сапар менен Пхеньянга чакырган болчу. Кытай төрагасынын бул өлкөгө 14 жылдан берки алгачкы сапары.

Copyright © 2017 Maral FM