Биз менен байланышыңыз

Пекинге кирүүчүлөрдүн санына чектөө коюлду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 329 | 0

Пекин администрациясы Кытайдын борборуна келген коноктордун санын көзөмөлдөөнү чечти. Азыр шаарга күнүнө 500гө чейин гана адам кире алат. Калаа администрациясы мындай чечимди коронавирустун жайылышына тынчсыздануудан улам кабыл алган.

Пекинге жарым-жартылай эл аралык каттамдарга уруксат берилгенден кийин, шаар 46 каттамды жана 6870 жүргүнчүнү кабыл алган. Жүргүнчүлөрдүн экөөсүнө коронавирус диагнозу коюлган. Циндао шаарында Кытайдын негизделгендигинин 71 жылдыгына карата майрамдан кийин он эки адамдан коронавирус илдети табылган. Ошондуктан, Циндаонун администрациясы 9,5 миллиондон ашуун калкы бар шаардагы адамдардын бардыгын коронавирус боюнча текшерүүнү чечти.

Пекиндин Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору пекиндиктерге жакын арада Циндаого себепсиз барбоого кеңеш берди.

Copyright © 2017 Maral FM