Биз менен байланышыңыз

Кытай: Коронавирустун 46 жаңы учуру аныкталды. Пекинде кайрадан коркунуч жаралды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 837 | 0

16-июнга караган акыркы суткада Кытайда  46 адамдан коронавирус инфекциясы табылды. Алардын алтоосу симптомдору байкалбаган вирустун түрүн ташып жүрүүчүлөр.

Ошондой эле, илдеттен акыркы суткада 7 адам айыгып чыккан.

Кытайдын баш калаасында 15-июнда 49 адамдан коронавирус табылды. Бул Пекиндеги соңку бир нече ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Шаарда вирус «Синьфади» аттуу тамак-ашты дүңүнөн саткан базардан тараганы белгилүү болду. Натыйжада, баш калаанын 11 конушу карантинге алынды. Ошондой эле, бийлик Пекиндеги бардык мекеме-ишканаларды кызматкерлерин, жумушчуларын 14 күндүк карантинге жөнөтүүгө милдеттендирди. Андан сырткары, бул жагдайдан улам айрым муниципалдык аткаминерлер кызматтан алынды.

Өткөн жылдын аягында вирус алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. 83 221 адам коронавирус менен каттады Алардын 78 миңден ашууну оорудан айыгып кетсе, 4634 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM