Биз менен байланышыңыз

Пекин тандалган сегиз өлкөдөн каттамдарды кабыл ала баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 443 | 0

Пекин аэропорту алты айлык тыныгуудан кийин, 3-сентябрда тандалган өлкөлөрдөн каттамдарды кабыл ала баштады. Алгач коронавирусту жуктуруп алуу деңгээли салыштырмалуу төмөн болгон сегиз мамлекеттен гана Кытайдын борборуна учактар учуп кете алат. Бирок Германия менен Орусия алардын катарына кирбейт.

Европа өлкөлөрүнөн Австриядан, Даниядан, Швециядан жана Грециядан Пекинге уча алышат. Ошондой эле Таиланддан, Камбоджадан, Пакистандан жана Канададан учкан учактарга Кытайдын борборуна учууга уруксат берилет. Ошол эле учурда, Пекин шаардык администрациясынын өкүлү жүргүнчүлөр дагы аталган өлкөлөрдүн жергиликтүү тургундары болуусу тийиш экендигин белгиледи.

Пекинге учаардан мурун тандалган сегиз мамлекеттин жүргүнчүлөрү коронавирустук тесттин жыйынтыгын тапшырып, учуп келгенден кийин милдеттүү карантинден өтүп, андан соң үйдө жети күн өзүн-өзү изоляцияга алышы керек.

Биринчи этапта Пекин күнүнө беш гана учак жана эң көп дегенде 500 жүргүнчү кабыл алат. Андан кийин кабыл алынган жүргүнчүлөрдүн санын миңге жеткирүү пландаштырылууда.

Бул 23-мартта, Кытай борборундагы аэропортун эл аралык каттамдар үчүн жапкандан кийинки, биринчи рейстер болмокчу.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында коронавирустун алгачкы учурлары аныкталган Кытай, катаал чараларды көрүүнүн натыйжасында SARS-CoV-2 пайда кылган кырдаалды дээрлик көзөмөлгө алып, жай турмушту калыптандырды. Көп күндөн бери Кытайда жергиликтүү инфекциялык учурлар катталган эмес, катталган коронавирустун жаңы учурлары сырттан келген жарандардан аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM