Биз менен байланышыңыз

ДССУ эксперттерин Кытайга жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 685 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун келип чыгышын изилдөө үчүн өз эксперттерин кийинки жумада Кытайга жөнөтөт. Бул тууралуу ДСУнун президенти Тедрос Аданом Гебрейюс Женевада өткөн брифингде билдирди.

Аны айтымында, изилдөө коронавирустун кантип жайыла баштаганын, алдыда кандай оорулар чыгарын жана аларга кантип даярдануу керектигин түшүнүүгө жардам берет.

АКШда жана айрым Европа өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясына Кытай жооптуу деп айтылып келет. Вирус жасалма жол менен жаратылган деген божомолдор да бар. Пекин бул айыптоолорду четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM