Биз менен байланышыңыз

Пекин: вирустун кайрадан жайылуусуна байланыштуу 1255 каттам токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 553 | 0

Пекинде коронавирустун кайрадан жайылуусуна байланыштуу эки эл аралык аэропорттогу 1255 каттам токтотулду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Ошондой эле вирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу Пекинде бардык мектептер жана университеттер жабылып жатат.

Кытайдын башка аймактарынан келүүчү туристтик топтордун Пекинге баруусуна тыюу салынат. Эпидемиологиялык коркунучтун деңгээли жогору болгон аймактардын жашоочуларына шаардан чыгууга тыюу салынат. Шаар бийлиги маданий, көңүл ачуучу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү убактылуу токтотту.

Ишемби күнү Пекинде ири «Синьфади» дүң соода борборунда коронавирустук инфекциянын жаңы очогу пайда болуп, базар  убактылуу жабылды. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, вирус кесүүчү такталарда табылган.

Пекин бийлиги бардык компанияларга жана ишканаларга жумушчуларды 14 күнгө карантинге жиберүүнү буйрук кылды.

Фэнтай районундагы 11 кварталга өзүн-өзү изоляциялоо режими кайрадан киргизилди.  Ошондой эле Хебей провинциясындагы 11 миллион калкы бар Баодин шаарында аскердик режим киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM