Биз менен байланышыңыз

Композитор Эннио Морриконе көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 812 | 0

Италиялык композитор Эннио Морриконе 91 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си  жазды.

Морриконе дүйшөмбү күнү кечинде Римдеги клиникалардын биринде кулоонун кесепетинен көз жумгандыгын Италиянын маалымат каражаттары жазды. Ал мурун жамбаш сөөгү сынып, ооруканага жаткырылган.

2007-жылы Морриконе киного кошкон салымы үчүн «Оскар» сыйлыгын, 2016-жылы «Омерзительной восьмерке» киносуна жазган саундтрек үчүн «Оскар» сыйлыгын алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM