Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда 6,1 миңден ашык адам коронавирус менен катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 347 | 0

Тажикстанда дагы 53 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бир сутка ичинде коронавируска байланыштуу адам өлүмү катталган жок. Ал эми өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6159 адамга жетти. Бул илдеттин кесепетинен 52 бейтап көз жумду. Ошондой эле 4809 адам айыкты.

Тажикстанда коронавирус боюнча биринчи учурлар 30-апрелде жарыяланган болчу.

Борбор Азия боюнча алсак:

Казакстанда — 47 171;

Өзбекстанда — 9 829;

Кыргызстанда — 7 377;

Тажикстанда — 6 159 адам коронавирустук инфекциясы менен катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM