Биз менен байланышыңыз

Оренбург менен Самарадагы мекендештер Кыргызстанга жөнөтүлдү

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 527 | 0

Орусиянын Оренбург жана Самара облусттарындагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-июлда Оренбург жана Самара облустарынан 31 автобус менен 1 496 кыргызстандык мекенине жөнөтүлгөн. Алардын арасында жашы өткөн 27 адам, балалуу 21 эне бар.

Элчилик бул тизмеге Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чатыр лагерде Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон кыргызстандыктар да киргенин кошумчалады. Жолдо калган жарандар коронавирусту аныктоо боюнча акысыз тест тапшырган. Ал эми мигранттардын жол акысын Коронавируска каршы республикалык штаб төлөп берген.

Элчиликтин маалыматы боюнча, март айынан бери Орусиядан 57 абакаттамы уюштурулуп, 14 344 адам кайтарылган. Анын ичинде Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 51 автобус менен 2 470 кыргызстандык келген.

Copyright © 2017 Maral FM