Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 963 | 0

Жон Хопкинс университетинин статистикасына ылайык, учурда дүйнөдө 11 млн 048 миң 509 адам коронавирус инфекциясын жуктурган.

Жуктуруп алгандардын көпчүлүгү АКШда болуп, 2,7 миллион адамда коронавирус аныкталды. Андан кийин Бразилияда 1,5 миллион бейтап коронавируска чалдыкса, Орусияда 666,9 миң адам вирус жуктурган.

Жуктургандардын саны боюнча кийинки орундарда  төмөнкү өлкөлөр турат:

— Индия — 625,5 миң;

— Перу — 295,5 миң;

— Чили — 288 миң.

Дүйнө жүзү боюнча АКШ ошондой эле коронавирустун өлүмү боюнча да алдыңкы орунда турат. Өлкөдө  коронавирустан 129,4 миң адам көз жумган.

— Бразилияда- 61,8 миң;

— Улуу Британияда — 44,2 миң;

— Италияда — 34,8 миң адам аталган илдеттен каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM