Биз менен байланышыңыз

АКШ Сенаты Путинге каршы санкция киргизүүнү сунуштоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 785 | 0

АКШ Сенаты Орусиянын президенти Владимир Путинге, Коргоо министри Сергей Шойгуга Ооганстандагы америкалык аскерлерге каршы «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүгө баргандыгы үчүн аларга каршы санкция жарыялоону сунуштоодо.

1-июлда АКШнын Сенатынын Тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Боб Менендез Путин менен Шойгуга каршы айыптарды Сенаттын ушул аптадагы аскердик чыгымдары жөнүндө мыйзам долбооруна киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу DW агентиги жазды.

—  «Орусиянын бул жийиркеничтүү өнөктүгүнүн чоо-жайы көрсөтүп тургандай, АКШ президенти Дональд Трамп биздин аскерлерди жана өлкөбүздү коргой албай жатат. Конгресс дагы бир жолу алдыга чыгып, жарандарыбызды жана бийликтегилерди Кремлдин агрессиясынан коргойт. Сенат мындай учурларга көңүл буруш керек” , — деп айтылат Менендездин билдирүүсүндө.

Ал бул маселеге карабастан аскердик чыгымдар боюнча мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырып, Путин менен Шойгунун АКШдагы мүлкүн тоңдурууну, ошондой эле алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салууну сунуш кылды.

Ошондой эле, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Орусиянын Ооганстандагы америкалык аскерлерге жасаган чабуулдарына тиешеси бар деген айыптоолорго байланыштуу Москвага карата зарыл жаза чараларды көрүүгө чакырды: — «Биз Орусияга каршы санкция киргизип, аны тезинен аткарышыбыз керек» , —  деди ал америкалык MSNBC телеканалынын эфиринде.

Ошол эле учурда Пелоси Трампты башкы командирдин милдетин аткарбай койгондугу үчүн айыптады. Анын айтымында, ал «фактыларга көңүл бурбайт» жана АКШнын аскер күчтөрүн жетиштүү деңгээлде коргой албай жатат.

Өз кезегинде Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык конгрессмендердин Москвага каршы санкцияларды киргизүү сунушун түшүндүрүп жатып: — «Вашингтондо азыр абал бир топ татаал болуп жаткандыгын» билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM