Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка калаа мэри Азиз Суракматов кол койгон.
Ал эми акимиаттын маалыматы боюнча, Ситников ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетти.