Биз менен байланышыңыз

Суракматов: Мобилдик топтор экспресс-тест жасашпайт 

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 306 | 0

Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 28-июнунда кабыл алынган буйругуна ылайык, мобилдик медициналык топтор кайрылган жарандардын абалын текшерүү жана биринчи диагностика жасоо үчүн келишет. Алар ПЦР-тестке мазок алышпайт жана экспресс-тест жасашпайт. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаар тургундары күнү-түнү үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлеринен кеңеш ала алышат. Акимчиликтер жана муниципалдык аймактык администрациялар жарандарга үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алуу үчүн жардам беришүүдө.

-Урматтуу шаардыктар, ар бирибизин ден соолугубуз өз колубузда! Коомдук жайларга барбоону суранабыз! Санитардык жана гигиеналык нормаларды сактаңыздар!» — деди мэр.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM