Connect with us

Президент Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 2353 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке учардын алдында Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева кабарлады.

Президент Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгы өкүнүү менен белгиленди. Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнөн коронавирус аныкталган, -деп айтылат маалыматта.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат. Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Стамалиеванын айтымында, буга чейин пландаштырылган график боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун Орусияга кийинки иш сапары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата 30-июнга белгиленген.

30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.

Стамалиева: Президент жана делегация мүчөлөрү Москвага барарда тест тапшырышкан

 

Copyright © 2017 Maral FM