Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Президент жана делегация мүчөлөрү Москвага барарда тест тапшырышкан

Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 1255 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштоп Москвага баргандар Бишкекке келгенде анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга алынышат.

Анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, алгоритмге ылайык, Москвага учаардын алдында президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар COVID-19га карата тест тапшырышкан. Бардыгынын жыйынтыктары терс чыккан.

Пандемияга байланыштуу кырдаалды эске алуу менен делегация чакан курамда болгон, алардын баары ар дайым тесттерди тапшырып турушкан.

Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты, буга чейин айтылгандай, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак, -дейт Стамалиева.

Президент парадга катышкан жок. Жанындагылардан коронавирус чыкты

 

 

Copyright © 2017 Maral FM